Коом
Минкаб аскер кызматкерлерин пенсиялык камсыздоо системасына өзгөртүүлөрдү киргизди

Министрлер кабинети аскер кызматкерлерин пенсиялык камсыздоо системасын өркүндөтүү жөнүндө 2024-жылдын 11-декабрындагы №755 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.
Документтин баштапкы редакциясына ылайык, аскер кызматкерлеринин пенсиялык камсыздоосу 2024-жылдын 1-октябрынан тарта 10,8%га пенсиянын өлчөмү кийин өзгөртүлгөнгө чейин жогорулатылган. Эми токтомдун 1-пунктунан бул сөздөр алып салынды.
Тиешелүү токтомго Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылдын 26-ноябрында кол койду. Өзгөртүүлөр 2026-жылдын 1-декабрынан тарта күчүнө кирет.



