Милициямын деген алдамчы кармалды, сак болуңуздар!
КР ИИМ Ички иштерин иликтөөчү кызматы милициямын деп элди тоногон шылуунду кармашты.
20-январда 2020-жылы тартип сакчыларына М.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Жабырлануучу катары арызданган жаран ага «милициямын» кылмыш ишин козготом деп коркутуп, 60 миң сом талап кылган.
Бул иш дароо иликтөөгө алынып, жарандан 60 миң сом акча талап кылган адамды тез эле кармашты. Акча талап кылган адам милиция кызматында иштебегени белгилүү болду. 21-январда Бишкектеги белгилүү бир кафеден 35 миң сом акчаны алып жаткан жеринен К.У. аттуу кылмышка шектүү жаран кармалды.
Милициямын деп акча талап кылган жарандын жанында “Коомдук көзөмөл” коомдук уюмунун күбөлүгү болгон. Шылуундукка шектелген жаран убактылуу кармоочу жайга камалды.
ИИМдин ички иликтөө кызматы мыйзамды бузуп, элди алдаган, милициянын кадыр-баркына шек келтиргендерди тазалоо иштери жүрүп жатканын кабарлады.
Бул жарандан жабыркагандар болсо милицияга кабарласаңыздар болот: 26-63-28, (0559) 102 677.
Abal.kg



