Пайдалуу кеңештер
Чачты канча күндө жууш керек?

Ар бир адам, өзгөчө аялзаты чачтын кулпуруп, жалтырап турушун каалашат эмеспи.
Көпчүлүк аялзаты чачы жагымдуу жыттанып турушу үчүн күнүгө жууганды адатка айлантып алат да, какачтан кутула албай кыйналат. Какач – теринин кургашынан пайда болот. Чачты бат-баттан жууганда тери кургап майлуулукту жоготот. Ошол үчүн, күн алыс жууган оң. Жана да чач жуучу каражаттарды чачыңызга ылайыктап тандашыңыз керек.
Андан тышкары адистер чачты бир айда бир жолу кадимки эле чарбачылыкта колдонуучу самын менен да жууп коюуну сунушашат.
Abal.kg