Жээнбеков эпидемиологиялык абал боюнча элге туура маалымат берип турууну айтты
Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга күнү-түнү мониторинг жүргүзүүнү талап кылды.
Жээнбеков бардык алдын алуу чараларын күчөтүүгө чакырып, азыркы кырдаал тууралуу так эмес маалымат таркатууга бөгөт коюу максатында өлкө калкына дайыма маалымдоо маанилүү экенин баса белгиледи.
Өкмөткө вирустун пайда болушуна жол бербөө боюнча конкреттүү иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин күчөтүү тапшырылды.
Президент тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине жеке жоопкерчилик жүктөлөрүн өзгөчө белгиледи.
Азыркы тапта Кытайда өпкөнү сезгенткен коронавирустан каза тапкандардын саны 81 адамга жетти. Бийлик 3 миңдей адам жаңы вирусту жугузуп алганын ырастады. Расмий Бээжин вакцинасы табыла элек илдеттен улам Кытай Жаңы жылына карата эс алуу күндөрүн үч күнгө узартты.
Эскерте кетсек, учурда Кыргызстанда бул вирус келе электиги боюнча маалымат болуп жатат. Бирок, социалдык түйүндөр аркылуу ар кандай жалган маалыматтар тарап жатканы белгилүү.
Abal.kg