Саясат
Президент: депутаттык мандаттын тагдырын партия лидери чечпеши керек
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңешке келип, сапаттуу парламент кандай жол менен келиши керектигин айтты.
Президент парламенттин сапаттуу курамына партиялар жоопкер, андан сырткары ал партияларын түзгөн тизмесине көз каранды экенин белгиледи.
«Бул маселени бир гана лидер чечпей партиялык демократия болушу абзел. Партиянын жетекчиси гана депутаттык мандаттардын тагдырын чечкен көрүнүш болбошу керек. Партиялар дагы ички демократияны орнотууга катуу көңүл буруусу зарыл», — деди ал.
Abal.kg



