Коом
Сокулукта 57 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды

Сокулук районунда 1964-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, куткаруучуларга 20-июнь күнү Сокулук айылындагы Белинский көчөсүндөгү көлмөнүн жанында эркек кишинин кийимдери табылып, ал эми өзү сууга түшүп кетүүсү мүмкүн деген күмөн менен 102 кызматынан маалымат түшкөн.
Бүгүн, 22-июнда жерине издөө иш-чараларын улантуу максатында Сокулук райондук №23 ӨКБдан 4 куткаруучу, Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 2 куткаруучу тартылып, аталган кишинин жансыз денесин таап, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.



