Коом

Токтогул ГЭСинде күз-кыш мезгилине даярдык иштери уланууда

Токтогул ГЭСте 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Г-1, Г-2 жана Г-4 гидрогенераторлорунда оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. №1 гидроагрегат 14-19-сентябрда оңдолсо, №4 гидроагрегатты оңдоо 21-26-сентябрга пландалган.

Ошондой эле 500 кВ шиналардын I жана II секцияларын оңдоо аяктады. Адистер негизги жана көмөкчү жабдуулардын релелик коргоо жана автоматика түзүлүштөрүн текшерип, профилактикалык тейлөө иштерин жүргүзүүдө.

Токтогул ГЭСти күз-кыш мезгилине даярдоо иштери бекитилген графикке ылайык уланууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button