Коом

Ржев шаарында кыргызстандык аскерлерге айкел тургузулат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын белгилөөнү уюштуруу боюнча атайын комитеттын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Уюштуруу комитети президенттин буйругу менен түзүлгөн.
Жыйын учурунда өкмөт башчыга бекитилген план боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. Аны менен катар согуштун ардагерлери менен оруктун кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртуу боюнча жасалып жаткан аракеттер тууралуу учкай кабар берилди.

Улуу Жеңиштин урматаны карата Бишкекте аскер парады өтөт. Ошондой эле Ржев шаарында кыргызстандык аскерлерге айкел тургузулат. Андан сырткары “Жеңиш оту” марафону уюштурулуп, ал Ош шаарынан башталып, 8-майда Бишкекте аяктайт.

Өз кезегинде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев арадегерлердин басымдуу бөлүгү 90дон ашык калганын айтып, жыл санап алардын саны азайып баратканына көңүл бурду. Маалымат боюнча 2019-жылы республика боюнча 380 ардагер болсо, бүгүн 262синин көзү тирүү.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button