Пайдалуу кеңештер

Эркектер аялдарды алдашат — айымдар ишенишет. Аялдарды торго түшүрүүнүн 5 амалы

Албетте, эркектер ар кандай болушат. Бири өзүнүн мүнөзүнө ылайык адептүү болсо, башкалары тескерисинче өтө карөзгөй болушат. Ал эми аялдар болсо, көпчүлүк учурда кулагына жагымдуу угулган сөздөргө алданышат, ошондуктан аларды оңой эле торго түшүрүп, алдап койсо болоорун, кандай эркектерге ишенбөө керектигин психологдор кеңеш  беришет.

Негизи эркектер аялдарга ар кандай жагымдуу сөздөрдү айтышып, бир паста эле  торуна түшүрүп алышат. Ошондуктан кандай жигиттерге өзгөчө көңүл буруш керек экенин жана алданбоо  үчүн кылдат баамдоо керектигин билип алыңыз.

1.“Мен жеңил-желпи, күнүмдүк көңүл ачуу эмес, олуттуу мамиле кура турган кызды издеп жүргөм”

Мактоого алынаарлык сөз, чынбы? Эгерде анын айтканы чын болсо, анда албетте жакшы. Бирок көпчүлүк мырзалар мындай сөздөрдү аялдын сезимин багындырып алуу үчүн гана айтаарын унутпаңыз.  Алгачкы мамилеңиздерде  ал ушунчалык таттуу сөздөрдү айтат. Алар  ушундай сөз менен ишендиргиси келет.

2. “Сени биринчи көргөндө эле түшүнгөм –  мен өмүр бою кыялданып, издеген адамсың”

Бул өзүн көрсөткүсү келген эркектин аялга айтылчу жагымдуу сөздөрүнүн бири. Албетте, аял акылдуу, сулуу, эмгекчил, тың. Бирок эркек аны бир заматта эле кантип билип койду?  Адамдар өмүр бою чогуу жашап деле бирин-бири жакшы түшүнбөй, өмүр бою бирин-бири билип, таанып жашап келишет. А бул эркек сени бир көрүп эле кантип бир заматта өмүр бою издеген аял экенин билет? Же бул тагдырбы? Ошондуктан ага жакындагандан мурда жакшылап карап, ойлонуп көрүңүз.

3. “Экөөбүз эч качан ажырашпайбыз, өмүр бою чогуу болобуз”

Бул эркек өзүнүн айтканын дайыма туура деп эсептеген, бирок шашкалактап көпчүлүк учурда кемчиликтерди кетирген эркек. Ал сизге чейин  ушул сөздөрдү дагы канча айымга айтты болду экен? Сиз бул жерден эртеңки мамилеңиз кандай болоорун деле билбейсиз, бирок ал ушундай  олуттуу сөздөрдү  таанышкандан эки күндөн кийин эле айта баштайт.

4. “Сага чейинки жолуккан аялдар  бардыгы сендей эмес болчу, а сен…”

Башка аялдар менен салыштыруу  бул жагымсыз көрүнүш жана адепсиздик.  Иш жүзүнө келгенде бул аягы суюк, туруксуз эркек.  Акылдуу эркек эгерде башка аялдар менен сизди салыштырып, жактырып турса дагы, баары бир аны ичине катат.

5. “Мен сенден балалуу болгум келет”

Мындай сөздү олуттуу мамилени каалаган  аялдардын көпчүлүгү эле уккусу келет. Эгерде силер жаңы эле таанышкан болсоңор анда  бул сизге жетүүнүн эле амал- айласы экенин унутпаңыз.

Кандай деп ойлойсуңар айымдар,  эркектер силерди алдаганын баамдадыңарбы?

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button