Коом

Ысык-Көл милиционерлери мектеп окуучулар менен аз камсыз үй-бүлөөлөргө жардам көрсөтүштү

«Камкордук» иш чарасынын алкагында, Ысык-Көлдүн милиция кызматкерлери, мектеп окуучулардын активистеринин катышуусунда, жаш өспүрүмдөр тарбияланып жатышкан жардамга муктах жана көп балалуу үй-бүлөөлөргө жардам көрсөтүшүүдө. Мындай иш чарага жогорку класстардын окуучуларын тартылышы бекеринен болгон жок. Себеби, адамдарга кам көрүү менен, өспүрүмдөрдүн аӊ-сезиминде адептин таасири ойгонот, башкаларга жардам берүү аракетине түрткү болот.  Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматы билдирди.

Биринчилерден болуп, милиция кызматкерлери жана окуучулар, Каракол шаарында батирге төлөп жашаган Венеранын үй-бүлөөсүнө келишти. Жаш келин, турмуштун айрым жагдайларына байланыштуу жалгыз эки жашар кызын тарбиялап келет. Кезиккен учурда, бала ооруп, энесинин керектүү дары-дармектерди сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок болуп, кыйналып турган экен. Жылуу кийимдерди, азык-түлүктөрдү жана оюнчуктарды тапшырган милиция кызматкерлери, энеге тийиштүү дарыларды алып берүүгө да жардамдашып, наристенин тер арада сакайып кетишин каалашты.  

Иш чаранын катышуучулары Ысык-Көл районунда жашаган Максаттын үй-бүлөөсунө да куру кол келишкен жок. Учурда, көп балалуу ата, жалгыз беш баланы тарбиялап келет.

Бардыгы болуп, облустун аймагында жашаган 22 жардамга муктаж болгон үй-бүлөөлөргө милиция кызматкерлери, мектеп окуучуларынын активистеринин катышуусу менен жардам көрсөтүлдү. Аталган үй-бүлөөлөрдө, бүгүнкү күндө 65-жакын жаш өспүрүмдөр тарбияланып келүүдө.   

Ысык-Көл областтык милициясынан белгилегендей, азыркы мезгилде моралдык кризистин учурунда, өспүрүмдөрдүн адептик өзгөрүшү байкалууда. Натыйжада, алардын коомчулуктун алдында жеке жоопкерчилиги алсырайт. Ал эми, мындай иш чараларды уюштуруу аркылуу, жаш муундун адеп-ахлак рухун көтөрүүгө жана адамдарга жардам берүү каалоосун тарбиялоодо жагымдуу өбөлгө түзмөкчү. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button