Окуялар
Бишкекте эл ташыган унаа менен жолтандабас катуу сүзүштү (видео)
Кечээ 5-мартта, Бишкек шаарындагы Бөкөнбаев менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде эл ташыган коомдук транспортту Джип унаасы сүзгөн видеону Оppa.kg Instagram-аккаунту жарыялады.
Бул видеодон жолтандабас унаасы өтө жогорку ылдамдыкта келип, эл ташыган маршрутканы жолдун кесилишинен сүзгөнүн көрүүгө болот. Катуу кагылган бус тротуарга күү менен кирип барып токтогон. Жол тандабастын ичиндегилер унаадан чуркап чыгып баратканын көрүүгө болот. Ал эми коомдук унаанын ичиндеги бир нече киши ыргып кеткен.
Кайгуул милициясынан маршрутканын төрт жүргүнчүсү жабыркагандыгын билдирген.
Abal.kg



