Коронавирустан улам Кыргызстанда беткаптар калбай калганбы?
Саламаттык сактоо министринин орун басар Төлө Исаков Бишкекте маалымат жыйын берип, анда дарыканаларда беткап тартыш болгону менен ооруканаларда ал керектүү көлөмдө бар экенин айтты.
“Беткапты ОРВИ же сасык тумоо менен ооругандар гана кийсе болот. Дени сак кишилердин беткап кийип алышы панацея”, — деди ал.
Министрдин орун басары учурда финпол тарабынан беткаптарды чет жакка алып чыгуу аракеттерине бөгөт коюу үчүн иштер жасалып жатканын кошумчалады.
“Биз Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, USAID сыяктуу бир катар эл аралык уюмдар менен иш алып баруудабыз. Жакын арада беткаптар келет. Кыргызстандын ичинен беткап чыгарууну пландап жатабыз, ал үчүн Ирандан жабдууларды жөнөтүштү. Азыр Росспотребнодзорго кайрылып, ошол жабдууларды алып келүүгө жардам берүүсүн сурандык”, — дейт Исаков.
Ал учурда эл арасында коронавирустун алдын алуу боюнча жетиштүү деңгээлде түшүндүрүү иштери жасалып жатканын айтат.
Эскерте кетсек, буга чейин дарыканаларда сатылып жаткан бет каптардын баасын да кымбаттоо сунушу тушкөн.
Abal.kg