Коом
Ак-Талаа районунун Баетов айылында эки үй-бүлөгө турак-жай берилди
Маалымат боюнча айыл өкмөт менен айылдык кеңештин колдоосу менен Тимур Асаналиев менен Бусурман Жоробековдор үйлүү болушту.
“Үй айыл өкмөттүн балансында болчу. Бирөөсү бала бакча катары колдонулса, экинчиси намазкана болчу. Асаналиев биринчи топтогу майып, ал эми Жоробеков болсо беш баланы багып, 85 жаштагы апасын дагы карайт. Энеси майып дагы. Аларга турак-жай берүү маселеси айылдык кеңештин депутаттарынын жыйынында кабыл алынды”, — дейт айыл өкмөт башчысы Талантбек Турусбеков.
Өз кезегинде жардамга муктаж тургундар ыраазычылыгын билдиришти.
Айыл өкмөт башчысы мындай кайрымдуу иштерин дагы да болсо уланарын маалымдады.
Abal.kg



