Дүйнө

Коронавирус. Эпидемия убагында көп соцкызматкерлер каза болду

Кытайда коронавирустун алдын алуу, эпидемия убагында милдетин аткарып жатып 50дөн ашык социалдык кызматкер каза тапты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Бүгүнкү күнгө  карата маалыматка таянсак, жалпы Кытай боюнча 53 социалдык кызматкер эпидемия убагында милдетин аткарып жатып көз жумган.    

9-марттагы маалыматка караганда, вируска кабылгандардын саны 110 034кө жетти. Алардын арасынан 3825и көз жумуп, 61 977 киши сакайып кетти. Ал эми вирус жайылган мамлекеттердин саны 100дөн ашты.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button