Депутат: Кыргызстанда кумар оюндарынын жаңы түрү пайда болду

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кезектеги отуруму өтүп, анда кумар оюндарынын ишине тыюу салуу багытындагы мыйзамга киргизип жаткан өзгөртүүлөр талкууланды.
Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, өлкө аймагындагы кумар оюндарына, казино, тотализатор, ойнолуучу автоматтар залы, ойнолуучу автоматтар орнотулган жер, букмекердик кеңселерге мыйзам негизинде тыюу салуу аркылуу алардын ишине бөгөт коюу каралган.
Демилгечи депутаттардын айтымында 2011-жылы өлкөдөгү казино оюндарына, 2016-жылы тотализатор, лоторея оюндары жана букмекердик кеңселерге тыюу салынган. Бирок жеке тараптар мыйзамдагы дал келишпестиктерди колдонуу аркылуу кумар оюндарынын жаңы түрлөрүн ойлоп табууда.
Депутат Дастан Бекешев аталган кеңселердин ишмердиги жарандардын турмушуна терс таасирин тийгизгендиктен, бул мыйзам долбоорун кабыл алуу зарыл экендигине токтолду.
«Ар кандай жаңы кумар оюндарынын түрлөрү ойнотулуп жатканын менин жардамчыларым да барып көрүп келди. Ал жерге өспүрүм балдар да барып ойноп жатканына күбө болушту жана баргандардын көпчүлүгү акчаларын уттурушат. Алсак, бир бала 100 доллар акчасын уттуруп, аны төлөш үчүн уурулукка, тоноо ишине барып, аягында түрмөгө кесилген. Мындай факт көп жана алар элге кедергисин тийгизүүдө», — дейт Дастан Бекешев.
Жыйын жүрүшүндө Социалдык фонддун төрагасынын орун басары
Эсен Нурдинов өлкөдө бинардык аукциондук 12 субъекттин жетөөсү иштеп жатканын
айтып, алар 2018-жылы 10 миллион 800 миң сом, 2019-жылы 123 миллион 622 миң
сом, ал эми 2020-жылдын январь айында 5 миллион 318 миң сом салык төлөгөнүн
кошумчалады. Ошондой эле депутат Кубанычбек Нурматов жалпы өлкөдөгү
кумарканаларды жаап, бирок туристтер келүүчү аймактарда калтырууну сунуштаса,
депутат Төрөбай Зулпукаров мындай жайларды биротоло жок кылуу керектигин
белгиледи.
Abal.kg



