Дүйнө

Өзбекстанда медициналык беткаптын мамлекеттик резерви түзүлөт

Өзбекстанда беткаптын жана жеке коргоочу каражаттардын баасын көзөмөлдөө боюнча атайын чаралар көрүлүп жатат. Андан сырткары бул каражаттардын мамлекеттик резерви түзүлөт. Мындай маалыматты жыйында өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алишер Шадманов билдирди.

Анын айтымында, айрым мамлекеттерде өз кызыкчылыгын көздөгөн кишилерден улам беткаптардын баасы асмандап кеткенин кошумчалады.

“Бизде дагы ушундай тенденция башталып жатат. Эгер биз мындай аракеттерге маалында чара көрбөсөк медициналык беткаптар жок болуп, баасы дароо өсүп кетмек”, — деди ал.

Ал учурда Өзбекстанда беткаптардын мамлекеттик резерви түзүлө турганын айтып, мамлекет ири көлөмдө медициналык беткаптарды сатып алып жатканын белгиледи.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button