Коом
Бишкектин айрым аймактарында 5 күнгө газ өчүрүлөт

Борбор калаада 10-ноябрдан 14-ноябрга чейин газ өчүрүлөт. Тургундардан альтернативдүү энергия булактарын колдонуу суралат.
10-ноябрдан 14-ноябрга чейин жер астындагы орто басымдагы газ түтүгүндө иштер жүрүп жатат. Натыйжада, Бишкектин бир аймагында жаратылыш газы токтотулду. Өчүрүү аймагы төмөнкүлөр менен чектелген:
Ч. Айтматов проспектиси жана Л. Толстой, Матыев, Бакаев жана Гагарин көчөлөрү.
«Бишкекгаз» борбор калаанын тургундарынан өчүрүү учурунда альтернативдүү энергия булактарын колдонууну суранат жана убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт: «Биз сиздердин коопсуздугуңуздар жана туруктуу газ менен камсыздоо үчүн иштеп жатабыз».



