Саясат
Коронавирус.Кыргызстанда чиновниктердин иш сапарга чыгуусу токтотулду
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен өкмөттүк аппараттагы, министрликтердеги, ведомстволордогу чиновниктердин коронавирус жайылып жаткан өлкөлөргө боло турган иш сапарлары токтотулду. Бул тууралуу, өкмөттүн Басма сөз кызматы маалымдашты.
Чет жакка иш сапарлар, мамлекет үчүн маанилүү болгон иш-чаралар жана эпидемилогиялык абалы туруктуу болгон өлкөлөргө гана жасалат.
“Баардык өткөрүү-пунктарында текшерүү иштери күчөтүлдү. Эпидемилогиялык кырдаал курчуган өлкөлөрдөн келгендердин баары 14 күндүк карантинге алынат. Мындай эрежелер бардык мамлекеттерде кирди” – деп билдирди Мухамедкалый Абылгазиев.
Abal.kg