Кыргызстанда баланы кантип асырап алса болот?

Кыргызстанда баланы кантип асырап алууга болоорун Эмгек, социалдык камсындандыруу жана миграция министрлигинин балдарды жана үй-бүлөнү коргоо башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Тодогелдиев АКИпресске айтып берген.
Ал белгилегендей, Кыргызстанда бул тармакты жөнгө салчу мыйзам иштейт. Ошондой эле бала асырап алуу боюнча эл аралык конвенция ратификацияланган. Бардык иштер ушул документтердин алкагында жүргүзүлөт. Бала асырап алуунун эки багыты бар, алар: улуттук — бул өлкө ичинде, эл аралык — бул балдарды чет өлкөгө чыгарып кетүү.
Эгерде жаран баланы асырап алгысы келсе ал аталган башкармалыктын аймактык бөлүмүнө кайрылышы керек. Ал жактан процедура боюнча маалымат беришип, топтошу керек болгон документтердин тизмесин карматышат. Бардык документтер топтолгондон кийин текшерилип, корутунду чыгарылат.
Кортутунду асырап алууга мүмкүн болгон балдардын маалыматы камтылган маалымат базасына киргизилет. Талапкерлерге системага кирүүгө логин менен пароль берилет. Ал жактан балдарды көрүшүп, улуту, жынысы жана курагы боюнча өздөрүнө ылайыктууларды карашат. Эгерде базада ылайыктуу бала болбосо, алар айлап, ал турмак бир нече жылдап күтүшөт.
Соттун чечиминен кийин ата-энелер баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн: атын, фамилиясын өзгөртө алышат, бирок туулган жылы, күнү, айы ошол бойдон калышы керек. Бул процедуралардан кийин алар баланын расмий ата-энеси болушат.



