Коом
Садыр Жапаров онкологияга күтүүсүз барды

Онкологиялык оору менен жабыркаган бейтаптарга акысыз кызмат көрсөтүү жолдору талкууланды.
Бул маселе тууралуу Садыр Жапаров саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова жана Улуттук онкология борборунун жетекчилиги менен сүйлөштү.
Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Жапаров
Улуттук онкология жана гематология борбору менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна баргандыгын маалымдады. Өлкө башчысы бейтаптар менен баарлашып, мекемелердеги дарылануу шарттарын көрдү.
Мамлекет бышчы Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы шарттарды жакшыртууну, балдар үчүн дары-дармектин тартыштыгына жол бербөөнү тапшырды.



