Дүйнө

Таиландда коронавирус тууралуу тамашалагандарды түрмөгө салышат

Таиланддын бийликтери өз жарандарын коронаврис темасына арналган биринчи апрелдеги тамашалары  үчүн   түрмөгө салмак болушту. Бул туурасында өлкөнүн башкы прокуратурасы билдирди,  деп, Thai PBS телеканалы Facebookта кабарлады.

Билдирүүдө,  королчулукка өзгөчө кырдаал киргизилген, ушундай шартта  интернетте же ММКда адамдардын арасында паника чыгара турган жалган маалымат тараткандар — биринчи апрелдин тамашалары менен кошо – 2 жылга чейин түрмөнө кесилет, же 40 миң бат (1300 доллар) айып салынат, болбосо экөө  тең пайдаланылат.

Өзгөчө кырдаалдын шартында Таиландга кирүүгө да, андан чыгууга да  тыюу салынган. Джон Хопкинстин университетинин маалыматы боюнча өлкөдө 1700дөн ашык киши коронавирус жуктуруп, 12 бейтап каза болгон, 342си сакайган.

Ал эми Таиланддын королу Маха Вачхиралонгкон өзүн өзү изолияциялоо максатында, немистердин Альпысында бир мейкананы бүт брондоп алып, ондогон көңүлдөштөрү жана кызматкерлери менен жашап жатат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button