Дубалынан коронавирус өтпөгөн шаар

Бүтүндөй Испания пандемиядан катуу жабыр тартып (112 миң кишиге жуккан, 10,3 миң адам көз жумган), Евпропадагы Италиядан кийинки тумоонун чордону болуп турган чакта, бул шаарда бир дагы адамга COVID-19 инфекциясы жуккан эмес. Азыр калаанын ичинде оорулу тумтак жок. Бул туурасында 3-апрелде CNN билдирген.
Жайгашкан жеринин уникалдуулугуна жана сепилин дубалдарына байланыштуу, Андалузиянын Саара-де-ла-Сьерра шаары жада калса орто кылымда да, эч бир жоо багындыра албаган калаа болчу. Эми анын “когонуучу” артыкчылыгынын пайдасы пандемиядан сактануда кайрадан тийип жатат.
14 — мартта мэр Сантьяго Гальван калааны изолияциялап таштады – шаарга кирчү беш жолдун төрттөн жаап койду. Калган жалгыз трассаны полиция кызматкерлери көзөмөлдөп турушат. Ал жол менен шаарга азык-түлүк алып киришет. Шаарга кирээрдин алдында жүк ташуучу машиналар өтө таза жуулуп анан дыкат дезинфекцияланат.

Сааре-де-ла-Сьерре калаасында бар болгону 1400гө жакын гана киши жашайт. Анын ичинен төрттөн бир бөлүгү пенсионерлер.
Ата-баба кылымдап ийгиликтүү коргонуп келген шаар, эми тургундарынын чыныгы “крепостуна” айланды.
Abal.kg