Дүйнө

Коронавирус. Cингапурда сыртынан таптакыр ооруганы билинбеген адамдар башкаларга жуктурушкан

CoViD-19 жуктургандардын ичинен он процентке жакыны сыртынан таптазадай көрүнгөндөрдөн  жугат. Мындай кишилерде илдет симптому жок өтөт, же болбосо симптомдору байкала элек болот. Бул тыянак АКШнын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу Борборунун (CDC) сайтына чыккан. Бул туурасында 6-апрелде Life.ru билдирди.

Иликтөө 23 – январдан 16- мартка чейин Сингапурда өткөн. Ага  243 бейтап катышкан, анын 157и өлкөнүн ичинде жуктурушкандар.

Адамдардын өзүнөн түздөн-түз эмес, бир нерсенин үстүнөн жуктуруп алган учурлар да бар. Мисалы, 52 жаштагы аял инфекцияны чиркөөдөн жуктурган: көрсө ал  келип сыйынууга турган жерде, андан бир нече саат мурда эки чет өлкөлүк да туруп сыйынып кетишкен экен. Алардын сыртынан симптомдору  байкалбаган менен, ал экөө  иш жүзүндө CoViD-19ду алып жүрүүчүлөр болушкан.

Илдеттин симптомдору билинбегенге чейин эле вирустун жайыла башташы аны көзөмөлдөөнү татаалдатат.

Мындан сырткаары, бул мисал, дагы бир ирээт социалдык дистанцияны сактоонун маанилүүлүгүн көргөзүп турат.  

Мурдараак кытай эксперттери уникалдуу бир учурду баамдашкан: бир эркек киши 49 күн боюу вирустун алып жүрүүчүсү болгон. Ошол эле учурда, андан бир да жолу эч кандай симптомдор байкалган эмес. Вирус ал эркектин иммундук системасы менен динамикалык баланс түзгөн, ошондуктан ал ооруган эмес деп эсептешет, эксперттер. Бирок ал кырк тогуз күн бою башкаларга активдүү жугузган.    

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button