Ал эми соттолуучу белгилүү бир мөөнөт коюлушун каалоодо. Бүгүн Бишкек шаардык сотунда үч адамды өлтүрүүгө (аял жана анын уул кызы) айыпталган жарандын аппеляциялык арызын караган жыйын өтүүдө.
Негизгилери:
▪️адвокат соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүүнү суранган. Бирок шаардык сот баш тарткан. Анткени биринчи инстанция Аширалиевди акыл-эси ордунда деп тапкан.
▪️Аширалиев Алтынай Канзаманованы терезеден секирип кеткен кызы өлтүрүп коюшу мүмкүн экенин айткан. Ал эми Салимди энеси өлтүрүшү ыктымалдыгын билдирген. Өзү болсо каза болуп калган уулун көргөндөн кийин аялды өлтүрүп койгон болушу мүмкүн экенин белгилеген
▪️соттолуучу Канзаманова менен жакын мамиледе болбогонун, андан акча албаганын айтты
▪️маркум аялдын бир тууганы Алтынай өз балдарын абдан жакшы көргөнүн сотто билдирди
▪️бүгүн соттолуучуга өкүм чыгарылат



