Лещенко Малаховду күнөөлөдү, мени карантинди бузганга мажубурлады деп
Жакында эле коронавирус инфекциясынан айгып чыккан РСФСРдин эл артисти Лев Лещенко, мени карантинди бузганга мажубурлады деп, теле алып баруучу Андрей Малаховду күнөөлөдү. Бул туурасында 8 -апрелде РИА Новости маалымдады.
«Привет, Андрей!» деген шоуга тартылганы барганым үчүн баары тең мени күнөөлөп жатышат”, деп даттанды ырчы. «Студияга тартылганы барганда башкаларга жуктураарымды билген эмесмин, анткени оорунун эч кандай белгилери менде болгон эмес – жөтөл да, температура да”, деп айтты артист.
Чет өлкөдөн келгенден кийин карантинди бузбайын дегенин, бирок аны Малахов көндүргөнүн айтты.
«Мен Андрейге айттым: «Балдар, мен жаңы эле келдим, өзүн-өзү изоляциялоо режиминдемин» деп. Антсем Андрюша мага «Коюңузчу, Лев Валерьянович, анда, баарыбыз чогуу ооруйлу! деди»» — деп айтты артист, «60 минут» программасы менен видеобайланыш учурунда.
Ырчы ооруканага 24 – мартта жаткырылган. Тестке анализи коронавируска оң натыйжа берген. Артисттин аялына да ушундай диагноз коюлган.
Abal.kg