Маданият

Россиянын Большой театрынын 34 кызматкеринен коронавирус табылды

«Россия-1» телеканалында «Мы вместе» деген концертти уюштурууга катышышкан Россиянын Большой театрынын 34 кызматкеринен коронавирус табылды,  деп маалымдады ТАСС 14-апрелде, театрдын башкы директору Владимир Уриндин билдирүүсүнө таянып.

Жуктуруп алышкан кызматкерлердин баары иштен четтетилди, деп тактады Урин. Жуктуруп алгандарда вирустук инфекциянын симптомдору байкалган эмес. Температуралары көтөрүлбөгөн, ачык белгилери билинбеген.

Коронавируска тестирлөөдөн эки күндүн ичинде театрдын баардык кызматкерлери өтүшкөн, кароочулар менен инженелерге чейин. Телеканал менен  келишим ушундай болчу, деп белгиледи гендиректор. Уриндин сөзүнө караганда кызматкерлерди тесттен кайра өткөрүү 14үндө же 15-апрелде болот.

«Мы вместе» концерти «Россия 1» телеканалынын түз эфиринде 11-апрелде көрсөтүлгөн. Большой театрдын сахнасында, ээн көрүүчүлөр залынынын алдында, артисттер, музыканттар жана башка искусство ишмерлери өнөрлөрүн тартуулашкан.  

Коронавирус COVID-19 Россияда:

-жуктурганы- 18 328; 

-көз жумганы – 148;

-айыкканы — 1 470.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button