Коронавирус. Нарынга давааттан келип, карантинди сактабаган кишиге кылмыш иши козголду

Нарын шаарына Пакистандан дааваттан келип, коронавирус илдетине чалдыккан жаран айыгып, үйүнө чыкты. Карантиндик эреже сактабагандыктан козголгон кылмыш ишинин негизинде, учурда тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Нарын шаары жана Ат-Башы району боюнча коменданты Уланбек Аалиев бүгүн, 16-апрелде, онлайн маалымат берүү жыйынында билдирди.
Анын сакайып, үй карантинине чыгарылгандыгын облустук ооруканадан тастыкташты.
Дарыгерлердин билдиришинче, облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган беш адамдын төртөө үйгө чыгарылган. Дааватчынын жубайы гана азырынча обсервацияда жатат.
«Санитардык-карантиндик эрежелерди бузгандыгы үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин негизинде Нарын шаардык ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгогон. Саламаттыгы калыбына келгенге чейин тергөө иштери убактылуу токтотулган. Жакшы болуп үйүнө чыккандыгына байланыштуу эми тергөө амалдары жүргүзүлөт» , — деди тергөө иштери боюнча Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Кундуз Эсенгулова .
Ал адам 15-мартта Пакистандан дааваттан Ташкент-Бишкек авиакаттамы аркылуу борбор калаага келген. Бишкекте төрт күн уулунукунда болуп, Нарынга 19-мартта такси менен жетип алган. 22-мартта дене табы көтөрүлгөндүктөн Нарын облустук ооруканага жаткырылып, 29-мартта коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. 8-апрелде карантиндик эрежелерди сактабай, үй-бүлөсү менен дарылануудан баш тартканы үчүн Нарын ШИИБ тарабынан кылмыш иши козголгону кабарланган эле.
Бүгүнкү күндө коронавирустан жабыркаган Нарын облусу боюнча 45 учур табылды. Мунун бешөө Нарын шаарынан болсо, бирөө Кочкор районунан, 29 киши Ат-Башы жана 10 киши Жумгал районунан катталган. Булардын ичинен Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын билдиргенине караганда, Нарын шаарынан эки адам сакайып, 14-апрелде үйгө чыгарылган.
Abal.kg