Коом
Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү заманбап завод курулууда

Бул тууралуу президенттин катчысы Аскат Алагөзов жазды.
Санитардык полигондун аймагына курула турган ишкана суткасына 850 тоннага жакын таштандыны жок кылат. Заводдун аймагына таштандыларды өрттөөчү заводдор, электр энергиясын иштеп чыгуучу генераторлор, тазалоо системалары, турак жайлар, спорттук имараттар курулат.
Заводду 2025-жылдын ноябрь айында бүтүрүү пландалууда.



