Коом
Кыргызстан менен Орусия бирдиктүү мобилдик байланыш операторун түзүүнү пландоодо

Кыргызстан менен Орусия роумингсиз мобилдик байланышты түзүүнү пландап жатышат.Тиешелүү макулдашууга тараптар жакын арада кол коюуну көздөшүүдө. Бул тууралуу Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков Кыргыз-Орус экономикалык форумунда билдирди.
Долбоорго ылайык, эки өлкөнүн абоненттери SIM-картасын алмаштырбастан жана роуминг үчүн кошумча акы төлөбөстөн Кыргызстан менен Орусиянын аймагында мобилдик байланыш жана интернет кызматтарын пайдалана алышат.
«Бул мамлекеттер аралык санариптик күн тартибиндеги маанилүү демилгелердин бири», — деди Артем Новиков Кыргыз-Орус экономикалык форумунун алкагында журналисттерге.



