Пайдалуу кеңештер

Кандай вирус болбосун бир нече секундда жок кыла турган ыкма. Адистин айтканы

Бүгүн вирустан коргонуунун өтө эффективдүү бир нече жеке каражаттарын адамдар активдүү колдонуп жатышат: самын, хлор, спирт. Ушул каражаттар менен колду, бетти жууп, күн сайын колдонуучу буюмдардын баарын, сырттан сатылып алынып келинген азык-түлүктөрдү, үйдүн  ичин дезинфекциялап турууну адистер кайра-кайра эскертип жатышат. Мына ушул сактануу каражаттарына, айрыкча коомдук тамактануучу жайларда жана үйдүн ашканасында активдүү колдонсо боло турган дагы бир каражат бар экенин, 6-разряддагы ашпозчу Нурлан Карагулов порталыбызга билдирди.

Анын айтуусуна караганда, айрыкча ашканада көп колдонулуучу темир аспаптар (бычак, кашык, айры) жана жыгач тактайчаларды ар түрдүү вирустардан, бактериялардан кошумча түрдө арылтып туруу үчүн кадимки эле газ плитанын конфоркасынын жалынын пайдаланса болот. Маселен, үй шартында темир аспаптарды жууган учурда, айрынынын салааларын тазалоо татаалыраак. Ошондуктан столго коер алдында айрыны газ плитанын конфоркасынын жалынына бир нече секунд айлантып “куйкалап” койсо, баардык микробдордон арылтат. Ушундай эле ыкма менен бычакты жана кашыкты да жалынга кармап коюу, аларды бир нече секундда тазартат. Бирок, буларды жуубай туруп эле отко кактап коюу жетиштүү деген ой таптакыр болбош керек, дейт адис. Ашканада колдонулуучу баардык буюмдар, аспаптар дайыма өтө таза жуулуп турууга тийиш. Оттун табына кармоону кошумча колдонулуучу каражат катары пайдалануу туура, деп кошумчалады.

Ашканада бышкан тамактарды кесе турган тактай менен жашылча-жемиштин тактайы, ошондой эле чийки азык-түлүктөрдүн тактайы өз-өзүнчө болуш керек. Аларды бири-бири менен аралаштырууга таптакыр болбойт, дейт ашпозчу. Нанды кесээрдин алдында тактайды конфорканын жалына кармап коюу артык баштык кылбайт. Ошондой эле жашылча-жемиш, чийки азык-түлүктөрдүн тактайларын да жуугандан кийин, кургатып туруп оттун табына кармап коюш керек, деп билдирди.  

Газ конфоркасынын жалыны өтө ысык — 300-400 градус  Целься болот. Өтө катуу ысыганда  1500 градус Цельсяга чейин жетет. Мындай ысыкка бактерия, микроб, вирустар чыдабайт. Анын үстүнө жалын менен түздөн-түз контакттын учурунда баардык бактериялар, микробдор, вирустар дароо өрттөнүп жок болот. Ал эми айылда от жагып, тамак бышыргандар ошонун жалынын пайдаланганы ошондой эле эффекти берет, деп кошумчалады адис.

Албетте, оттун жалыны менен кошумча тазартуунун татаал жагы да бар: аспаптарды, тактайларды отко кактап аткан адамдын колу ысыкка чыдабайт. Бир чети, колду күйгүзүп алуудан да сак болуш керек. Мындайча айтканда, техникалык коопсуздукту да сактоо зарыл. Бир сөз менен айтсак, орустар «кашу маслом не испортишь» дегендей, колдон келсе оттун жалынына кактап коюу артык баштык болбойт, деди адис.

Эскерте кетсек, илгерки дарыгерлер, айрыкча хирургиялык операцияларды ишке ашыруучу адистер, аспаптарын сөзсүз оттун жалынына каарып, тазалашкан. Кыргыздар да жараатка курумшуну отко күйгүзүп туруп, ысык боюнча басышкан. Ушундай жол менен инфекция түшүп, сепсиске айланып кетүүдөн сактанышкан.

Abal.kg 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button