УКМК: Аткезчилик жүктөрдү мыйзамсыз ташуу боюнча түзүлгөн ири каналга бөгөт коюлду

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагындагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу жергиликтүү тургундар тарабынан контрабандалык жүктөрдү мыйзамсыз ташуу боюнча түзүлгөн ири каналга бөгөт коюлду.

Жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын жыйынтыгында Кыргызстан-Өзбекстанга мыйзамсыз ташып келүүгө/экспорттоого багытталгал 93 441 460 млн сомдук контрабандалык товарлардын ири партиясы (телевизорлор — 4378 даана, уюлдук телефондор — 3162 даана, дөңгөлөктөр — 265 даана, жез — 2,5 тонна ж.б.) табылып алынды.

2023-жылдын 18-майында Кадамжай райондук сотунун чечими менен кылмыш иши боюнча айыпталуучуларга тиешелүү болгон 93 441 460 сомдук товарлар мамлекеттин пайдасына алынып, ал эми кызмат адамына пара берүү боюнча “Э.Ш.Н.”, “А.у.А.”, “И.А.А.”, “И.А.О.”, “С.у.Э.”, “А.Т.К.”, “А.Н.А.” жана “С.С.А.” күнөөлүү деп табылып, мамлекеттин эсебине 1 550 000 сом төлөө айып тагылды.

Акцизсиз тамекилерди сатуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн 8 804 220 сом өлчөмүндө айып салынды.



