
Мамлекеттин мурдагы башчысына 34 күнөө тагылган. Юристтер эсептеп чыгып, алардын башын бириктиргенде жаза 136 жылга созулушу керек экенин айтууда. Бирок маалымат берген тарап жаза андан кыйла жеңил болорун жазды.
Манхэттендин прокурору Элвин Брэгг айыпталып жаткан Трамп жана анын шериктери 2015-жылы президенттик шайлоодо жеңишке жетиш үчүн негативдүү маалыматтарды жайылтпоо схемалары боюнча сүйлөшүп келишкендигин айткан. Анын аркасы менен үч кишиге бир катар маалыматтарды ачыкка чыгарбаш үчүн акча төлөп берген деп күнөөлөнүүдө.
Кечээ ага Манхэттен прокуратурасы айыбын айтып, экс-президент кармалган.
@user2



