Дүйнө жүзүндө коронавирустан 211 миң 167 көз жумду
Дүйнө жүзүндө коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны үч миллиондон ашты. Бул туурасында Жонс Хопкинс атындагы университетинин сайтындагы статистикада жазылган.
28-апрелге карата дүйнө жүзүндө жалпы 3 миллион 41 миӊ 764 адамдын коронавируска чалдыкканы аныкталды. Алардын ичинен 211 миӊ 167 киши өмүрү менен кош айтышты.
Коронавирус АКШда өтө тездик менен жайылып, көз жумгандардын саны да көп экенин байкоого болот, ал эми вирус бир миллионго жакын адамга жуккан. Россия жуктургандардын саны боюнча Кытайдан ашып өттү. Бирок башка өлкөлөргө салыштырмалуу каза болгондор аз.
Дүйнө жүзүндө коронавирус көп катталган 10 өлкөнүн тизмеси:
- АКШ – 988 197 (каза тапкандар – 56,259);
- Испания – 229,422 (каза тапкандар – 23,521);
- Италия – 199,414 (каза тапкандар – 26,977);
- Франция – 165,963 (каза тапкандар – 23,327);
- Германия – 158,758 (каза тапкандар – 6,126);
- Улуу Британия – 158,348 (каза тапкандар – 21,157);
- Түркия – 112,261 (каза тапкандар – 2,900);
- Иран – 91,472 (каза тапкандар – 5,806);
- Россия – 87,147 (каза тапкандар – 794);
- Кытай – 83,938 (каза тапкандар – 4 637).
Эскерте кетсек, Кыргызстанда да бүгүнкү тапта вирус жуктуруп алган 708 адам аныкталган, сегиз адам көз жумган.
Abal.kg



