Саясат

Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал 30-апрелде токтотулат

Кыргызстандын айрым аймактарына киргизилген өзгөчө абал узартылган жок. Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда жана Нарын шаарында өзгөчө абал режиминин мөөнөтү узартылбай турган болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков башында турган Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынды.

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов жана саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун азыркы кырдаал тууралуу сунуштарын айткан.

Ал эми Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылат.

Ал эми бүт Кыргызстан боюнча киргизилген өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат.

Эскерте кетсек, алгач Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал режими 25-марттан 15-апрелге чейин киргизилген. Бирок кырдаалга карап кайра 30-апрелге дейре узартылып, тизмеге Нарын шаары менен Ат-Башы району да кошулган болчу. Кечки 21.00дөн эртең мененки саат 6.00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button