Министр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичти

Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге берген маалымат жыйын учурунда «Ысык-Көл тамыры» деген чөптүн кайнатмасын түз эфирде ичип көрсөттү.
Министр коронавируска каршы дары катары активдүү талкууланып жаткан «Ысык-Көл тамыры» аталышындагы чөптүн кайнатмасы республика боюнча бардык ооруканаларда коронавируска кабылгандарга берилип жатканын билдирди.
Ал жоопкерчиликти өз мойнуна алып жаткандыктан чөптүн кайнатмасын ичип көрсөтүүнү чечкенин белгиледи. Ал ошондой эле дарыгердин көрсөтмөсү жок ичүүгө болбой турганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, уу коргошунду өз алдынча даярдап ичүү адам өмүрү үчүн кооптуу. Министр туура эмес даярдалган учурда адам беш мүнөттөн кийин өлүп каларын белгиледи. Дарылоонун бул ыкмасы боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна Кыргызстандан маалымат жиберилген эмес.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкманы тапканын айткан эле.
Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында «Уу коргошун» жана «Иссык-Кульский корень» деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.



