
21 саатка созулган операцияга 140 хирург жана медайым, медкызматкер катышкан.
АКШда дарыгерлер тарыхта алгачкы жоладамдын көзүн толугу менен алмаштырды.»Нью-Йорк университетинин алдындагы медициналык борбордун хирургдары 46 жаштагы аскер ардагеринин көзүн толугу менен алмаштырышты. Мындай операция дүйнөдө биринчи жолу жасалып жатат. Жогорку чыңалуудагы электр тогуна урунган ардагер сол көзүнөн, мурдунан, оозунан, алдыңкы тиштеринен жана ээгинен ажыраган. Мындан улам анын бетинин жарымына операция жасалган», — деп жазылат маалыматта.Операция ушул жылдын май айында жасалып, 21 саатка созулганы айтылды. Бул ары татаал, ары жооптуу ишке 140 хирург, медайым, медкызматкерлер тартылган.»Бейтап жаңы көз менен көрө алабы, азырынча белгисиз. Бирок жаңы коюлган орган операциядан бери «ден сооолуктун таң калычтуу белгилерин» көрсөтүп жатат. Хирургдардын мындай жетишкендиктери адамдын көрүүсүн жолго салуудагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда», — деп жазылат медициналык борбордун релизинде.



