Пресса: Жакынкы күндөрү Түндүк Корея Ким Чен Ындын өлгөнүн жарыялайт

Саясатчы өткөн жекшембиде каза болгон имиш.
КЭДРдин лидери Ким Чен Ын чыны менен өлгөн, деп бышыктады, Түндүк Кореядан качып чыккан Чи Сон Хо деген адам. Бул маалымат 99 процентке чындык деди ал. Бул туурасында ”Московский комсомолец” 1-майда жазды.
Чи Сон Хонун сөзү боюнча Пхеньян анын ордуна ким болот деп, кыжаалат болуп турган чагы. Ошон үчүн Түндүк Корея азырынча оор жоготуу тууралуу айткан жок, дейт Yonhap агенттиги.
Жарыялаганга чейин ким болоору чечилет. Ким Чен Ындын ордун карындашы Ким Ё Чжон ээлейт.
Бирок Чи Сон Хо ага ким мындай маалымат бергенин ачыкка чыгарган жок. Ким Чен Ындын жүрөгүнө операция жасашкан, ал канчага чейин чыдайт болду экен операциядан кийин деп, Чи Сон Хо жоромолдоп атканда, ага саясатчынын өлгөнүн айтышкан. Ал өткөн жекшембиде өлдү, деп билдирди качкын.
Чи Сон Хо КЭДРден 2006-жылы качып чыккан. Азыр ал Түштүк Кореянын мыйзам чыгаруучу органдарында эмгектенет. Ошентсе да анын Түндүк Корея менен байланыштары ушул кезне чейин сакталып калган.
Abal.kg