Окуялар
Өрттөнүп аткан унааны милиционерлер өчүрүштү(фото)

Бүгүн, 2020-жылдын 5-майында 11:00 чамаларында, ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн №68 Кармоо тобунун башчысы, милициянын прапорщиги Б.Бейшеналиев, милиционер автоматчы А.Эсенов, милиционер айдоочусу К.Нурбаевдердин курамында, кызматка өтөп кайгуул уюштуруу учурунда, Бишкек шаарынын И.Ахунбаев жана А. Тыналиев көчөсүнүн кесилишинде “Volkswagen” үлгүсүндөгү минивен автоунаасы өрттөнүп жаткандыгын байкап, аны токтосууздан өчүрүүгө аракеттенишип, чыккан өрттүн жайылышын токтотушту.
Унаа ээси, милиция кызматкерлерине терең ыраазычылыгын билдирип, андан соң Кайгуул милиция кызматы башкармалынын кызматкерлерине өткөрүп беришти.




ИИМдин МАККББнын Басма сөз кызматы