Коом
Боору алмаштырылган биринчи бейтап бүгүн үйүнө чыгарылат

Боору алмаштырылган биринчи бейтап бүгүн үйүнө чыгарылат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Эске салсак, 10-июнда Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы Бишкектеги Кыргыз-Түрк достук ооруканасында жасалган.
Операция 8-9 саатка созулуп, ага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жетекчилиги астында кыргыз дарыгерлери жана түрк адистери катышкан.



