ТИМ чет жактагы мигранттарды жеке кызыкчылыкты көздөгөндөргө алданбоого чакырды
Кыргызстандын башкы дипломаты чет жактан мекенине кайтууну каалаган жарандарды жеке максатын көздөгөн адамдардын «чагымчыл аракеттерине азгырылбоого» чакырды.
Тышкы иштер министри (ТИМ) Чыңгыз Айдарбеков 12-майда онлайн брифингде сүйлөп жатып чет мамлекетте жардам сурап кайрылган жарандарды алып келүү иши күнү-түнү уланып жатканын айтып, айрымдар «кырдаалды курчутууну улантып жатышканын» билдирди:
«ТИМдин иши азыр көп кыйынчылыктарга дуушар болууда. Ошондой болсо да күнү-түнү иштеп, бүт аракетибизди жасап жатабыз. Тилекке каршы, ушундай оор шартта да бул маселенин айланасында жалган маалымат, фейк-жарыя таратуу жана жеке PR-акция уюштуруу уланып жатат. Өлкөбүздүн ичинде да, сыртында да айрым адамдар, ар кандай өкмөттүк эмес, коомдук уюмдардын жана кыймылдардын өкүлдөрү кырдаалды курчутууну улантып жатышат. Алар эвакуациялоого өз кызматын сунуш кылуу менен жарандарыбызды адаштырууда. Алардын аракети биздин ишке зыян гана алып келет жана Кыргызстандын башка мамлекеттер менен эки тараптуу мамилелерине терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ал өлкөлөр менен сүйлөшүү жүргүзүү, макулдашууга жетишүү абдан чоң күч-аракетибизди жумшоо аркылуу ишке ашып жатат. Жеке PRды көздөө элибизге зыян тийгизбеши керек».
Министр Айдарбеков кыргызстандыктарга кайрылып, расмий маалыматты чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөн гана алуу зарыл экенин эскертти.
Эскерте кетсек, буга чейин Россиянын аймагынан айрым бир адамдарга ишенип чыгып алып, жолдо калган мигранттардын сүрөттөрү, видеолору менен социалдык тармактарга жарыяланган эле.
Abal.kg