Коом

Ак-Өргө конушунда эки кабаттуу бала бакча пайдаланууга берилди

Бишкектин Ак-Өргө конушунда  жайгашкан эки кабаттуу жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемеси салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, бала бакча  мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 0,39 гектар аянттагы жер тилкесине курулган. Мекеме бардык зарыл бөлмөлөр менен камсыздалып, коопсуздук жана ыңгайлуулук боюнча заманбап талаптарга толук жооп берет.

Бала бакчанын долбоордук кубаттуулугу 100 орунду түзөт. Билим берүү процессин натыйжалуу уюштуруунун негизинде 200 балага чейин камтууга мүмкүнчүлүк бар.

Объекттин пайдаланууга берилиши менен 20дан ашык жаңы жумуш орун түзүлүп, Ак-Өргө конушунун мектепке чейинки билим берүү мекемелерине болгон кезек кыйла кыскарды.

Эскерте кетсек, күн мурун IV Элдик курултайдын алкагында өлкө боюнча 94 социалдык жана өндүрүштүк объекттин ачылышына онлайн старт берилди. Анын ичинде Бишкек шаарында 5 социалдык жана 1 өндүрүштүк объект пайдаланууга берилген.

Тектеш кабарлар

Back to top button