Коронавирус.Тажикстанда көз жумгандарды массалык көмүп аткан видео тарады (видео)

Тажикстанда коронавирус жок деп расмий айтылбай келгени менен жакынкы арада ал жакта да инфекция жуктуруп алгандар расмий катталды.
Бүгүнкү күнгө чейинки маалыматтарга таянсак ал жакта жуктуруп алгандардын саны 800дөн ашты, көз жумгандар 23.
Ал эми Тажикстандын “Ахбор” сайты Душанбедеги көрүстөндөрдүн биринде тартылган видео жарыялады.
Видеодо автор полиэтилен менен жабылган мүрзөлөрдүн узун катарларын көрсөтөт. Ушундай 10 мүрзөнү көрсөтүп, “полиэтилен каптаган мүрзөлөрдүн катарлары өтө узун. Алардын бардыгы коронавирустан көз жумган, бирок бийлик алар жөнүндө айтпайт» деген.
Автор бул видеону Тажикстандын борборундагы Сариосий көрүстөнүндө тартканын ырастайт.
Бирок, Akhbor сайты видео толугу менен чындыкка жакын деп айтуудан алыс экенин билдирген.
Abal.Kg