Коом

35 атайын техника жана 800гө жакын кызматкер. «Тазалык» ишканасы кар тазалоого даяр

“Тазалык” муниципалдык ишканасы карды тазалоо үчүн атайын техникаларды даярдады. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.

Шаардын жолдорундагы карды 35 даана атайын техника, анын ичинде МАЗ үлгүсүндөгү 25 кар тазалоочу, 2 даана ЗИЛ үлгүсүндөгү кум чачкыч, 2 даана алдыңкы жүктөгүч, 5 даана “Беларусь” трактору, щетка жана күрөктөр менен, кар тазалоочу 2 трактор, 4 универсал техника жана ДЭУнун жол тейлөө бөлүмүнүн 40 кызматкери тазалайт.

Муниципалитеттен белгилешкендей, ошондой эле жол жээгиндеги аялдамалардагы жана тротуарлардагы карды тазалоо иштерине 615 жол тейлөө кызматкери жана самосвалдарга карларды жүктөө иштерине 121 жүктөгүч тартылат.

Белгилей кетсек, кышкы сезонго жалпы 6 миң тонна туз жана 3 миң тонна жуулган кум даярдалган. Кум күтүблөгөн кырдаалдарда гана акыркы чара катары колдонулат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button