
Эл өкүлү мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койгон. Анда айып пулдарды 10 эсе жогорулатуу сунушталды.
Берилчү жазалар:
Адамдын макулдугусуз же мыйзамсыз жол менен ага дарыларды, буюмдарды сыноодон өткөрсө — 300-500 миң сом; Мындан оор залал келтирсе 1 млн сомго чейинки айып же 5 жылга дейре эркинен ажыратылат.
Мыйзамсыз медициналык же фармацевтикалык иш — 500 миң — 1 млн сом. Адамдар зыян тартса 2-4 жылга кесилет. Бул косметологиялык салондорго да тиешелүү.
Дары жана буюмдарды мыйзамсыз өндүрүү, даярдоо жана сатуу — 300-500 миң сом. Зыян келтирсе 700 миң төлөйт же 5 жылга чейин камалат.
Дары-дармектин баасын негизсиз жогорулаткандар 65 миң сомго чейин айыпка жыгылат.
Долбоордун максаты — өлкө мыйзамдарын оптималдаштыруу жана өркүндөтүү. Ошондой эле ЕАЭБде дары-дармек жана медициналык буюмдардын жалпы рыногун түзүү үчүн кабыл алынган жоболорго шайкеш келтирүү.



