Коронавирус. Ак-Талаада төрөгөн келинге төрөтканага баргандар вирус жуктуруп алышты

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов жана Ак-Кыя айылдарында 9 адамдан коронавирус илдети аныкталганын район акими Сейтек Кулубаев билдирди.
Анын айтымында, кечээ, 17-майга карата Ак-Кыя айылында 6 жаран жана Баетов айылында 3 жаран аталган илдет менен катталган.
«Тилекке каршы 9 жараныбыздан илдет аныкталып калды. 9 жарандын ичинен 6 жаран Ак-Кыя айылынын тургундары. Алар Нарын шаарындагы төрөт бөлүмүндө төрөгөн келинге учурашууга барып жуктуруп алышкан. Негизи келинди 2 жакын адамы төрөт бөлүмүнө жеткирип келишкен экен. Ал эми Баетов айылынын 3 жашоочусу Нарын шаарына барып, операция жолу менен төрөп келген келин менен байланышта болгон. Булардын баарынын ПЧР-тестинин жыйынтыгы 2-3 күндүн ичинде эле чыгып келди. 9 жаран райондук аймактык оорукананын соматика бөлүмүндө ачылган изоляцияга жаткырылды.
Ак-Кыя айылында бейтаптардын үйлөрү дезинфекцияланып, ошондой эле өрт өчүрүү бөлүмүнүн автоунаасы менен айылдын көчөлөрүнө хлор чачылды. Айылдан чыгууга жана айылга кирүүгө убактылуу тыюу салынды. Ошондой эле айылдын кире беришине пост коюлду. Айыл толугу менен карантинге алынды. Мындан тышкары 9 адам менен байланышта болгондорду тактоо иштери жүрүүдө», — деди аким С.Кулубаев.
Ушуну менен Ак-Талаа району боюнча жалпы 11 адамдан аталган илдет аныкталды. Мунун ичинен Ак-Кыядагы келин Нарын шаарындагы обсервацияга, ал эми калган 10 жаран райондогу изоляцияга алынды.
Булак: Turmush



