Коом

ИИМдин Ички аскерлеринде 1-жарым жылдык жыйынтыкталды

Үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринде күжүрмөн даярдык, аскердик тартип, аскерлер кызматы, күжүрмөн кызмат боюнча 2023-жылдын 6 айынын жыйынтыгын чыгарган ыкчам кеңешме болуп өттү.


Ага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов жана Ички аскерлердин кол башчылыгынын башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын жетекчилери, жер-жерлердеги аскер бөлүктөрдүн командирлери катышты.
Ыкчам кеңешмеде республикабыздын түштүк-батыш, түндүк-чыгыш аймактарында орун алган аскер бөлүктөрүнүн командирлери, кол башчылыктын башкармалыктарынын жана өз алдынча бөлүмдөрдүн башчылары өткөн мезгил аралыгында аткарган иштери тууралуу маалымат беришти.
Отчет бергендер укуктук тартипти, мыйзамдуулукту жана аскердик тартипти чыңдоо боюнча аткарылган иш чаралардан тышкары, күжүрмөн-кызматтык ишмердүүлүктүн деңгээли жана өздүк курам үчүн көрүлүп жаткан шарттар, күзгү-кышкы мезгилге даярдык, алдыга коюлган тапшырмалар тууралуу кенен баяндама беришти. Ошол эле учурда ийгиликтер менен катар кемчилдиктерге да кенең баа берилип, аларды жоюу боюнча тийиштүү чаралар көрүлөөрү, анын жыйынтыгы жыл аягында карала тургандыгы эскертилди.
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов ыкчам кеңешменин катышуучуларын тапшырмалардын маанилүүлүгү менен катар өздүк курам күтүүсүз коюлган тапшырмаларды аткарууга дайыма даяр болуусун баса белгилеп өттү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button