Коом

«Менин үйүм» мамлекеттик программасы менен 15-25 жылга ипотекага берилет. Жол-жобосу

«Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик программасынын алкагында ипотекалык насыялар бир нече багытта берилет. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын бюджеттик кызматкерлер үчүн «Жеңилдетилген ипотека» программасы иштейт. Анын алкагында өлкөнүн бардык аймактарынан турак-жай алуу же куруу мүмкүнчүлүгү бар.

«МИК» ААКун электрондук порталында катталган бардык жарандардан арыздын толуктугун жана тууралыгын текшерүүнү суранабыз — https://portal.gik.kg, —   деп айтылат маалыматта.

Инструкция шилтеме боюнча: https://clck.ru/XJryj

«Менин үйүм 2021-2026» программасынын ишке ашыруусу 2021-жылдын 16-сентябрында башталат. Ипотека үчүн кайрылуу өнөктөш-банктар жөнүндө маалымат кошумча түрдө сайтка жайгаштырылат.

Мамлекеттик ипотекалык кредиттер төмөнкү багытар боюнча берилет:

1.Бюджеттик сектордун кызматкерлери үчүн «жеңилдетилген ипотека»:

Продукт «Даяр турак жайды сатып алуу»:
— пайыздык чен — жылдык 4%;
— баштапкы төлөм — 10% дан (баштапкы төлөм жок болгон учурда, кошумча күрөө камсыздалышы мүмкүн);
— кредиттин мөөнөтү — 15 жылдан 25 жылга чейин (катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө жараша);
— ипотекалык насыянын максималдуу суммасы — 4 миллион сомго чейин;

Продукт «Жеке турак жай куруу»:— курулуш мезгили үчүн жылдык 8% жана курулуш аяктагандан кийин жылдык 4% пайыздык чен;
— баштапкы төлөм — 20%дан жогору;
— кредиттин мөөнөтү — 15 жылдан 25 жылга чейин (катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө жараша);
— ипотекалык насыянын максималдуу суммасы — 4 миллион сомго чейин;

 2. «Жеткиликтүү ипотека» жарандардын бардык категориялары үчүн (Бишкек жана Ош шаарларында гана берилет):


Продукт «Даяр турак жайды сатып алуу»:— пайыздык чен жылдык 8%;
— 20% өлчөмүндөгү баштапкы төлөм (баштапкы төлөм жок болгон учурда, кошумча күрөө камсыздалышы мүмкүн);
— кредиттин мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин (катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө жараша);
— ипотекалык насыянын максималдуу суммасы 5 миллион сомго чейин.

 Продукт «Жеке турак жай курулушу»:
— курулуш мезгили үчүн жылдык 12% жана курулуш аяктагандан кийин жылдык 8% пайыздык чен;
— 20%дан баштапкы төлөм;
— кредиттин мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин (катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө жараша);
— ипотекалык насыянын максималдуу суммасы 5 миллион сомго чейин.


Эки багыт боюнча сатып алынган турак-жайларга болгон талаптар:

— көп кабаттуу үйдөгү батирлер үчүн — жалпы аянты 80 чарчы метрден ашпоого тийиш;
— жеке турак жай имараттары үчүн — жалпы аянты 150 чарчы метрден ашпоого тийиш;
— турак жайдын бир чарчы метринин баасы 60 000 сомдон ашпашы керек.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button