Бала бакчалар качан иштей баштайт. Министрликтин жообу
Буга чейин биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов өлкөдө коронавирус боюнча абал жакшырса, 1-июндан тарта бала бакчалар иштей баштаарын айткан.
Ал эми бүгүн бала бакчаларды ачуу үчүн өлкөдөгү кырдаал карала тургандыгы айтылды. Эгер абал турукташып, тиешелүү органдар уруксат берсе, этап-этабы менен ача баштайбыз. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова брифинг учурунда айтты.
«Билим берүү министрлиги мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик бала бакчалар боюнча мониторинг жүргүздү. Натыйжада республика боюнча 9000ге чукул баланы азыр бакчага жиберүүгө ата-энелери макул болду. Бөбөктөрдүн коопсуздугу биринчи кезекте болгондуктан, бакчалардын иши тиешелүү кызматтардын уруксатынан кийин гана жанданат», — деди Жусупбекова.
Abal.kg