Коом

Карантин шартын бузгандардан канча айып акча түшкөнү айтылды

Март айынан бери үй карантинин бузган 98 жаран жоопкерчиликке тартылган. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында ӨА жана ӨК киргизилген убакта өлкө боюнча үй карантинде 123 638 адам болгон, бүгүнкү күндө алар 28 592 адамды түзөт. Алардын ичинен 98 жаран КР Бузуулар, жоруктар жана кылмыш-жаза кодексине ылайык, карантиндик режимдин талаптарынын алкагында жоопкерчиликке тартылган. 44 жаранга 129 000 сомго айып пул салынып, калган 54 учур боюнча жаза сот тартибинде каралат, анда 30 миңден 60 миң сомго чейин же андан ашык айып түрүндө жаза, ошондой эле 3 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Бардык жарандарды ССМнин карантин боюнча көрсөтүлгөн талаптарын бекем сактоого чакырабыз”, – деп билдирди КР Ички иштер министринин орун басары Каниметов Мирлан.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button