Коом

Лейлекте мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн жаран кармалды

Лейлек РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан Лейлек районунун аймагында жүргүзүлгөн “Экстремист” операциясынын жүрүшүндө мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен кылмыш иши козголгон. Жогорудагы кылмыш ишинин негизинде милиция кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжада жергиликтүү тургун 1973-жылы туулган Х.Б. кармашкан. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button